Россиялык турист Кыргызстан тууралуу ыр жазып, клип тартты. Видео

Саякатчы ыр жазууга анын Кыргызстанга соңку ирет келгендеги сезимдери себеп болгонун айтты. Ал боз үйлөр жана ашкана тууралуу видеоблогдорду дагы тартып жүрөт.
Sputnik

Россиялык блогер Александр Лист Кыргызстан тууралуу ыр жазып, ага клип тарттырды. Бул тууралуу Facebook баракчасына бишкектик ишкер Сергей Глуховеров жазды.

"Сибирдик жигит бизге конокко келген. Кыргызстанды жакшы көрүп калып ыр жаздырыптыр, ал тургай клип дагы тарттырууга жетишти. Турист ушунчалык эмоцияга бөлөнүп, клип тарттырганы сонун да!" — деди Глуховеров.

Саякатчы ыр жазууга анын Кыргызстанга соңку ирет келгендеги сезимдери себеп болгонун айтты. Ал боз үйлөр жана ашкана тууралуу видеоблогдорду дагы тартып жүрөт.