Адам сатууга каршы күрөшүүнү үйрөткөн төрт күндүк окуу өтөт

Милиция, прокуратуранын, эмгек инспекциясынын, социалдык кызматтын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү адам сатууга каршы күрөшүү боюнча окуудан өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстанда адам сатууга каршы иш алып барууну үйрөткөн төрт күндүк окуу өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Бул кадам расмий түрдө адам сатууга каршы биринчи улуттук симуляциялык көнүгүү деп аталып, Ысык-Көл облусунда өтөт.

Шамшиев: адам сатуу көйгөйүн чечүүдө Кыргызстан эки жылда артка кетти
Окуунун башталышын Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жана ЕККУнун КРдеги Программалык кеңсесинин башчысы – элчи Алексей Рогов ачкан.

Симуляциялык машыгууга тиешелүү тармактан 60тан ашуун кызматкер катышып, окуп, үйрөнмөкчү. Алар укук коргоо органдарынын, прокуратуранын, эмгек инспекциясынын, социалдык кызматтын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү.

Окутуу аталган 60ка чукул кызматкерге кесиптик көндүмдөрдү колдонуп, реалдуу убакыт режиминде, чындыкка жакын чөйрөдө адам сатууга каршы чараларды моделдештирүүнү сунуштайт.