Гвинеядагы төңкөрүшчүлөрдүн лидери: президент биздин көзөмөлдө

Төңкөрүш жасоого аракет кылгандар бийлик менен тамашалашып же ойногусу келбей турганын айтты. Алар өлкөгө жардам берүү үчүн мурдагы бийликтин каталарын оңдоо ниетинде экенин билдиришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Гвинеяда төңкөрүш жасоого аракет кылган аскерлердин лидери, полковник Мамади Думбуя өлкө башчы Альфа Конде коопсуз жайда, алардын көзөмөлүндө экенин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Аны дарыгерлер көрдү. Кабатырланууга эч себеп жок", — деген Думбуя.

Полковниктин айтымында, төңкөрүш жасоого аракет кылгандар бийлик менен тамашалашып же ойногусу келбейт. Алар өлкөгө жардам берүү үчүн мурдагы бийликтин каталарын оңдоо ниетинде экенин билдиришкен.

Эске салсак, Гвинеяда полковник Мамади Думбуянын жетекчилигиндеги атайын даярдыктагы бөлүк төңкөрүш жасоого аракет кылып, өлкө президенти Альфа Кондени туткундап алган. Конде Гвинеяны 2010-жылдан тарта башкарып келет. 2020-жылы кезектеги шайлоодон утуп чыккан. Добуш берүүдөн соң башаламандык жаралып, кеминде ондой киши каза тапкан.