Блогер Google Earth сервисинде чөл үстүнөн жардам сураган жазуу таап алды. Видео

Ютубердин айтымында, соцсервистин жардамы менен Иорданиянын түштүк тарабындагы чөлдү изилдеп жатып өзгөчө жазууну көрүп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. MrMBB333 атын алып жүргөн YouTube-блогер чөлдө жардам сураган чоң жазуунун видеосун жарыялады. Бул тууралуу Lenta.ru жазды.

Ал бул жазууну Google Earth сервисинин жардамы менен таап алган.

Блогер Иорданиянын түштүк тарабында жайгашкан чөлдү изилдеп жатып кумдан "SOS Stranded" ("Жардам керек. Чыга албай калдым") деген жазууну көргөн. Анын алдынан "no" ("жок") деген сөздү дагы окууга болот.

Россиялык турист Кыргызстан тууралуу ыр жазып, клип тартты. Видео
MrMBB333 бул белги абдан чоң болуп жазылганына байланыштуу аны учактан дагы, спутниктен дагы байкаса болорун белгилеген. Блогердин эсеби боюнча, "stranded" сөзүнүн туурасы дээрлик 46 метр, бийиктиги сегиз метрди түзөт. Сигнал картографиялык сервисте 2019-жылы пайда болгону айтылды. Бирок жазууну ким калтырганы белгисиз.

Кээ бирөөлөр бул жазуу бийликтегилерге кабарланган-кабарланбаганына кызыкса, дагы бири белгини аскерлер машыгуу учурунда калтырган деген божомолдорун жазышууда.