ЕАЭБде зер буюмдар арзандашы мүмкүн. Себеби

Жаңы келишим күчүнө кирсе, зер буюмдарга кайрадан белги басып чыгуу сыяктуу чыгымдар жокко чыгат. Мындан улам товардын үстүнө акча кошулбай, арзаныраак болот.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн бири-биринин зер буюмдарынын атайын белгисин таануу кандай артыкчылык берерин ЕЭКтин ички рынок, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Гегам Варданян айтып берди.

Ал "Чек арасыз жумуш" долбоору боюнча Москва — Бишкек — Ереван — Минск — Нур-Султан видео көпүрөсүнө катышкан.

Министрдин айтымында, аталган пунктту камтыган келишимге кол коюлуп, ратификациядан өттү.

"Бул нерсе ишкерликте кооперация кылууга мүмкүнчүлүк берет. Зер буюмдарга кайрадан белги басып чыгуу сыяктуу чыгымдарды жокко чыгарат. Мындан улам товардын үстүнө акча кошулбай, арзаныраак болот. Учурда ЕЭК өкүлдөрү абал менен таанышуу үчүн мүчө мамлекеттерди кыдырууда. Бардык өлкөлөр оң баасын алган соң зер буюмдардын атайын белгисин таануу боюнча мыйзам күчүнө кирет", — деди Варданян.

Министрдин айтымында, Армения менен Беларуска комиссия өкүлдөрү барды. Сентябрь айында Казакстанга иш сапар болмокчу. Андан кийинки кезекте Кыргызстан менен Россия турат.