ЕАЭБ алкагында соода иштеринде доллардан баш тартып, улуттук валюта колдонуунун азырынча төрт пайдалуу жагын айта алам. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, экономикалык уюм доллардан баш тартууга акырындык менен баскычтарга бөлүп барышы керек.
"ЕАЭБ алкагында бирдиктүү улуттук валютага өтүү зарылчылыгы бар. Биринчи эле себеби учурда биздин ишкерлер товар экспорттоп же импорттоодо өзүнүн улуттук валютасынан долларга, анан рублге же тескерисинче которуп, үч баскычтуу акча алмаштырууга дуушар болуп жатышат. Жыйынтыгында бир топ чыгым жаралууда. Мындан сырткары, учурда АКШ долларына байланыштуу тобокелдиктер дүйнө жүзү боюнча эле көбөйүп жатат. Муну батыштын да, чыгыштын да экономисттери белгилөөдө. Үчүнчүдөн, Россия экономикасы туруктуу өнүгүп келе жатат. Мисалы, ошол эле Америка же батыш өлкөлөрүнүн бюджети коронакризистен улам катуу жабыркап, дефицит болуп турса, Россияныкы профицит. Резервдик фондунда 0,5 триллиондон ашуун доллары бар. Айыл чарба, өндүрүш жана башка тармактары өнүгүүдө. Ошондой эле ЕАЭБ бир гана экономикалык эмес, саясий да биримдик. Демек, Америка тараптан азыркыдай ар кандай санкциялар болгондо ал уюмга таасирин тийгизбей калмак. Биз доллардан толугу менен көз карандуулуктан арылып, биримдик ичинде өз валютабыз менен иштеп отурсак, мындай саясий окуялар уюмга мүчө-өлкөлөрдүн экономикасына түз таасирин жоготот", — деди Мамытов.
Эксперт эгер ЕАЭБ алкагында рубль менен соода жүгүртүүгө өтсөк, бул сомдун кунуна да оң таасирин тийгизерин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: