Жапаров: диний билимдин сапатын жогорулатуу үчүн Ислам академиясын куруу пландалууда

Президент коркунучтарды алдын алуу үчүн диний билим берүүнүн сапатын жакшыртып, жогорку билимдүү кадрларды даярдоо зарылдыгына токтолгон.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаров коркунучтарды алдын алуу үчүн диний билим берүүнүн сапатын жакшыртып, жогорку билимдүү кадрларды даярдоо зарылдыгына токтолгон. Өлкө башчынын айтымында, Бириккен Араб Эмираттарынын "Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян" фондунун колдоосу менен Токмок шаарында Ислам академиясын куруу долбоору быйыл колго алынды.

"Туура эмес диний чечмелөөгө жол берилбеши үчүн идеологиялык коопсуздукту күчөтүү керек. Кылымдардан бери бабаларыбыз карманып келген салттуу ханафий мазхабы элибиздин үрп-адатына каршы келген эмес. Буга байланыштуу менин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" биринчи жарлыгым чыккан. Ушул документтин негизинде Концепция иштелип чыкты", — деди президент.

Садыр Жапаров Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өлкөдө диндер жана улуттар аралык тынчтыкты сактоодогу ролу чоң экенин кошумчалаган.

Таласта диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча жыйын өттү. Сүрөт
Ал эми муфтий Замир каары Ракиев президенттин диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу тууралуу пикирин колдогон. Анткени дал ушул сабатсыз пропагандисттердин айынан карапайым калк исламда болбогон, бурмаланган же туура эмес идеяларды өздөрүнө сиңирип алууда.

Замир кары Ракиев экстремизмге каршы турууга, конфессиялар ортосунда тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, этникалык жана диний араздашууга жол бербөөгө салым кошо турган Ислам академиясын куруу маанилүү экенин белгилеген.