Радио

Расулбеков: Олимпиадада кетирген каталарым ийгилик жаратууга ишеним берди

Оор атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиадада кетирген каталары ийгилик жаратууга ишеним бергенин айтты.
Sputnik

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына жогорку даярдыкта барып, бирок техникалык катанын айынан медаль ута албай калды. Мындай пикирин Бекдөөлөт Расулбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Расулбеков: Олимпиадада кетирген каталарым ийгилик жаратууга ишеним берди

Анын айтымында, Олимпиада оюндарынын деңгээли, спортчулардын атаандаштыгы чоң тажрыйба берди.

"Олимпиада оюндарына 2018-жылдан тарта даярдык көрүп, ири спорттук мелдешке бардык. Бул менин спорттук карьерамдагы алгачкы Олимпиада болгондуктан өзүмө көп ачылыштарды жасай алдым. Оюндарга эки жыл калганда спортчу алты эл аралык мелдешке катышып, тиешелүү упай топтошу зарыл. Жалпысынан 90 өлкөдөн 14 оор атлетчи жолдомо алып, күч сынашты. Олимпиадада кетирген каталар ийгилик жаратууга ишеним берди, бирок техникалык мүчүлүштүктүн айынан медаль утуу мүмкүн болбой калды. Алдыда дүйнө чемпионаты, Азия биринчилиги күтүп турат. Даярданууга жетишерлик убакыт бар", — деди Расулбеков.

Ошондой эле спортчу Париж Олимпиадасында медаль утканга болгон күчүн жумшай тургандыгын кошумчалады.