Гвинеяда төңкөрүшчүлөр өлкө президентин туткундап алышты. Видео

Конде Гвинеяны 2010-жылдан тарта башкарып келет. 2020-жылы кезектеги шайлоодон утуп чыккан. Добуш берүүдөн соң башаламандык башталып, кеминде ондой киши каза тапкан болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Гвинеяда мамлекеттик төңкөрүш жасоого ниеттенген топ өлкө президенти Альфа Кондени туткундап алды. Бул тууралуу Guinee News порталына шилтеме берип РИА Новости жазды.

ЖМКлардын маалыматы боюнча, төңкөрүш жасоого полковник Мамади Думбуянын жетекчилигиндеги атайын даярдыктагы бөлүк аракет кылган.

Ошондой эле бир нече чиновник кармалганы айтылды.

Полковник Думбуя буга чейин француз легионунда кызмат өтөгөнү маалым.

Ал эми президент Альфа Конде Гвинеяны 2010-жылдан тарта башкарып келет. 2020-жылы кезектеги шайлоодон утуп чыккан. Добуш берүүдөн соң башаламандык башталып, кеминде ондой киши каза тапкан болчу.