Башкача нокаут. Соккудан соң 17 секундадан кийин кулаган Малыштын видеосу

Мээлейсиз муштум менен кармашуу лигасында эки атлет бир-бирине кубаттуу соккуларды узаткан. Арадан 17 секунд өткөндө алардын бири турган жеринен оор нокаутка кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Украинадагы Mahatch муштум менен кармашуу лигасында чанда кездешүүчү нокаут катталды. Мушкер кубаттуу сокку тийгенден 17 секунддан кийин жерге кулаган.

​Мелдеште мушкерлер Анатолий Савенко менен Анатолий Малыш күч сынашкан. Биринчи эле раундда атлеттер бири-бирине кубаттуу соккулар менен чабуул жасашкан. 17 секунддан соң Малыш турган жеринен эле оор нокаутка кетип жерге кулаган.

Комментатор спортчуну адаттан тыш (фантомдуу нокаут) нокаутка кеткенин белгиледи. Дарыгерлер жардам көрсөткөн соң мушкер өзүнө келди. Ал эмне болуп кеткенин түшүнбөй калганын билдирген.

“Көзүм караңгылап, кулап кеттим. Бир мүнөткө жарык өчүп калды. Соккудан эмес… Эсимде жок”, — деген ал.

Азыр мушкердин абалы жакшы экени белгиленди.