Алтын бар! Кыргызстандын балбандары КМШ оюндарынан 10 медаль утту

Кыргызстандан бул турнирге 13 спорттун түрүнөн 150дөн ашык атлет барган. Жалпы көрсөткүч боюнча азыр өлкө Россия, Азербайжан жана Беларусь өлкөлөрүнөн кийин төртүнчү сапта келе жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы I КМШ оюндарында 10 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Кечээ, 4-сентябрда, жалпы 10 комплект медаль ойнотулду.

Кыздар арасында 55 килограмм салмак категориясында Калмира Билимбек кызы чемпион болуп, алтын медаль тагынды.

Ал эми Назира Марсбек кызы (62 килограмм) жана Нураида Анаркулова (59 килограмм) күмүш медалга ээ болушту. Ошондой эле Бермет Нурдин кызы (57 килограмм), Нурзат Нуртаева (72 килограмм) жана Назик Мирлан кызы (50 килограмм) КМШ оюндарынын коло байгесин утушту.

Эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта Алмаз Сманбеков жана Икромжон Хаджимурадов (65 килограмм) күмүш медаль тагынышкан Мындан сырткары, Тайырбек Жумашбек уулу (61 килограмм), Нуртилек Карыпбаев (86 килограмм) жана Айбек Токтогул уулу (70 килограмм) коло байгеге ээ болушту.

Спортчуларды башкы машыктыруучулар Үсөнаалы Рыскулов, Сүймөнкул Таабалды уулу жана Исламбек Тазабеков жетектеп барышкан.

Тыныбекова издеген Жасминанын атасы: кызым менен күрөшүүгө балдар батынбай койду
Ал эми грек-рим күрөшү боюнча мелдештер бүгүн кечке маал жыйынтыкталат.

Кыргызстан жалпы көрсөткүч боюнча Россия, Азербайжан жана Беларусь өлкөлөрүнөн кийин төртүнчү сапта келе жатат.

Белгилей кетсек, 2-сентябрда старт алган I КМШ оюндары быйыл алгачкы ирет өткөрүлүп жатат. Ага Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмуна кирген өлкөнүн спортчулары катышууда.

Мелдеш 11-сентябрга чейин созулат. Жалпы 16 спорттун түрүнөн 182 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандан бул турнирге 13 спорттун түрүнөн 150дөн ашык атлет барган.