Казакстандык аскерлер Кыргызстанга машыгуу үчүн келишти. Сүрөттөр

"Рубеж-2021" машыгуусу 7-9-сентябрда "Эдельвейс" полигонунда башталып, активдүү фазасы 9-сентябрда өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанга "Рубеж-2021" машыгуусуна катышуу үчүн Казакстандын аскердик контингенти келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

"Рубеж-2021" машыгуусу 7-9-сентябрда "Эдельвейс" полигонунда башталып, активдүү фазасы 9-сентябрда өтөт. Машыгууга Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Россиянын аскердик контингенттери, ЖККУнун бириккен штабынын жана катчылыгынын оперативдүү топтору катышат.

Машыгуунун негизги максаты — ЖККУнун (Жамааттык күчтөрдүн) аскерлеринин башкаруу органдарынын кызматкерлеринин практикалык жөндөмүн арттыруу. Ошондой эле Борбор Азия аймагындагы тез жайылтуучу жамааттык күчтөрдүн бөлүкчөлөрү менен биргелешкен операциялар учурунда чогуу иштөө жөндөмүн жогорулатуу.