Көл жээгинде ХХ эл аралык Ысык-Көл оюндары башталды. Сүрөт

Оюндарга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн, КМШ, ШКУ мамлекеттеринен жана Кыргызстандын ар кайсы облустарынан келген спортчулар катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бактуу-Долоноту айылында ХХ Эл аралык Ысык-Көл оюндары башталды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Аталган оюндар "Азия — кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы" аттуу ураан менен өтүүдө. Оюндарга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн, КМШ, ШКУ мамлекеттеринен жана Кыргызстандын ар кайсы облустарынан келген спортчулар катышат.

Алар кол күрөш, баскетбол, волейбол, гиря спорту, дартс, жеңил атлетика, таяк тартыш, стол тенниси, аркан тартыш, сууда сүзүү, бука тартыш, оордуктарды ташуу, кыргыз күрөш, жаа атуу, жээктеги футбол, жээктеги волейбол сыяктуу 23 спорттун түрү боюнча күч сынашат.