Баткенде Daewoo Tico жардан кулап үч адам каза болду. Сүрөт

Жерине үч куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган адамды Тез жардам алып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып сайга кулап, ичиндеги үч адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Баткенде Daewoo Tico жардан кулап үч адам каза болду. Сүрөт

Кырсык аталган аймактагы Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 135-чакырымында катталган. Анын кесепетинен дагы 25 жаштагы Э.А. аттуу эркек адам жаракат алган.

Жерине үч куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ал эми жабыркаган адамды Тез жардам алып кеткен.