УКМК: Камчыбек Ташиевдин кубогу үчүн республикалык спартакиада башталды

Быйыл коопсуздук органдарынын спорттук командалары волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана тогуз коргоол боюнча күч сынашат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдө УКМК төрагасынын кубогу үчүн командалык спорттун түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада башталды. Бул тууралуу атайын органдын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, быйыл коопсуздук органдарынын спорттук командалары волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана тогуз коргоол боюнча күч сынашат.

Спартакиаданын ачылышында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кызматкерлердин жакшы иштөөсүн камсыз кылуу үчүн спортту күчөтүү маанилүү экенин белгилеген.

"Кесиптик парзга берилгендик, кайраттуулук, чечкиндүүлүк, өжөрлүк, КГБнын мыкты салттарын сактоо жана өркүндөтүү коопсуздук органдарында кызмат кылгандардын баары үчүн өзгөрүүсүз бойдон калууда. Командалардын бирдиктүү оюндары, достук мамилеге негизделген адилеттүү оюн бүгүнкү иш-чаранын негизги принциптерине айланат деп ишенем. Сиздерге кызыктуу оюн, чыныгы атаандаштык, командалык дух, ийгилик, жеңиш каалайм", — деген Ташиев.

УКМК төрагасы спартакиада өткөрүү үчүн атайын командалык спорттук оюндар боюнча универсалдуу аянтча курулганын кошумчалаган.