БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы боевиктерге каршылык көрсөтүүнүн таянычы болгон Панжшер провинциясын басып алганын билдирди. Бул тууралуу өздүк булактарга таянып РИА Новости жазды.
"Панжшер провинциясы кулады. Андагы жарандар менен жоокерлер колго түшүрүлдү. Каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн лидери Ахмад Масуд, вице-президенти Амрулла Салех качып кетишкен”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда аталган провинция талибдердин колуна тие элек деген дагы маалыматтар айтылууда.
Социалдык тармактарда талибдер аталган аймакты басып алгандыгын майрамдап жатат деп божомолдонгон видео тарады.