2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарында оор атлетика боюнча мелдеште эч кандай кызытма колдонгон эмесмин. Мындай пикирин Иззат Артыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Олимпиадага даярданууда бардык эрежелерди убагында аткарып, нормаларды сактаган.
"Олимпиада оюндарында менден кызытма табылгандан кийин мындай чечимге каршы чыктык. Улан Молдодосов агам мен үчүн күйүп, өзүнүн "Ауди А-6" үлгүсүндөгү унаасын сатып, Швейцариянын Лозанна шаарына сотко барганбыз. Биздин апелляцияны карап чыгышты. "Сизде аз көлөмдөгү доза бар болгондуктан, тилекке каршы, чечимди артка кайтара албайбыз" деп айтышкан. Ошондо ыйлагам. Мен өзүмдү Олимпиаданын коло медалынын ээсимин деп эсептейм. Анткени мен тазамын. Убагында жатып, убагында туруп, бардык эрежелерди орду менен аткаргам. Кийин кээ бир машыктыруучулар "допинг колдонуп, стипендия алып жүрөт" деп арызданып, ал акчаны да алдырып салышкан. Эки жылга мелдештерге катышуудан четтеп, 2018-жылы Азия оюндарында кайрадан күчүмдү сынап, таза экенимди далилдөөгө мүмкүнчүлүк болгон. Бирок өкмөт колдобой койду. Ага карабастан ишкер агаларым акча берип, өз күчүм менен ири мелдештен коло медаль утуп келгем", — деди Артыков.
Ошондой эле спортчу болуп өткөн окуялар аны чыйралтып, ири спорттук жетишкендиктерге жетүүсүнө жол ачканын кошумчалады.