Ош менен Баткенде командалык машыгуу иштери аяктады. Сүрөт

Машыгууга 1,5 миңден ашык киши катышкан. Андан сырткары Кыргызстандагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Баткен жана Ош облустарында "Түштүк-2021" деп аталган командалык штабдык мобилизациялык машыгуу аяктагандыгын Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.

Ага Коргоо министрлиги, ИИМ, ӨКМ, Чек ара кызматынан 200 кызматкер жана 1 500 жаран катышкан.

Кыргызстан чемпион болгон "Танк биатлонундагы" өзгөчө ирмемдер. Видео
Коргоо министри Таалайбей Өмүралиев машыгуу аяктагандан кийинки салтанатта мындай иш-чаранын мааниси зор экендигин айтып, катышкандардын жогорку жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирип, иштеринде ийгиликтерди каалаган.

Ал эми "Түштүк-2021дин" өзгөчөлөнгөн катышуучуларына министрликтин атынан грамота тапшырылган.

Машыгуунун жүрүшүндө ресурстарды мобилизациялоо боюнча комплекстүү иштер кандай жүргүзүлүшү керектиги көрсөтүлгөн. Катышуучулар менен тактикалык жана согуштук даярдык жаатында сабактар өткөрүлгөн.