Жекшембиде Бишкектин чок ортосунда 4 саатка жарык өчөт. Даректери

Электриктер бригадасы трансформатор подстанциясына кошумча рубильник орното турганын айтты. Мындан улам түшкө чейин жарык жок болот.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосундагы райондордун биринде жекшемби, 5-сентябрда, жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, төрт сааттын ичинде электриктер бригадасы трансформатор подстанциясына кошумча рубильник орнотушат.

Мындан улам саат 9:00дөн 13:00гө чейин Үсөнбаев, Күрөңкеев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.