Алтын байге! Балбан Калмира Билимбек кызы КМШ оюндарында чемпион болду

Мелдеш ушул күндөрү Россиянын Казань шаарында өтүп жатат. Кыргызстандык спортчу кыз-келиндер күрөшү боюнча 55 килограмм салмакта ат салышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбек кызы КМШ мамлекеттеринин оюндары эл аралык мелдешинде алтын медаль утту.

Айылда эле машыгып дүйнөнү багынткан Калмира: Нарында балдар менен гана күрөшөм
Мелдеш ушул күндөрү Россиянын Казань шаарында өтүп жатат. Кыргызстандык спортчу кыз-келиндер күрөшү боюнча 55 килограмм салмакта ат салышты. Мелдештин алтын байгеси үчүн финалдык беттеште ал россиялык Александра Скиренкону жеңип алды.

Бул Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы үчүн биринчи алтын байге болду.

КМШ оюндары быйыл алгачкы ирет уюштурулуп, өткөрүлүп жатат. Ага Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмуна кирген өлкөнүн спортчулары катышат.

Эскерте кетсек, Кальмира жакында эле өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган.