Бишкек: 50,6 миң доллар уурдады деген шек менен төрт жаран кармалды

Кармалгандар 18ден 23 жашка чейинки жарандар болгон. Алардын бул сындуу башка кылмыштарды жасаган, жасабаганы текшерилип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Борбор калаада төрт жаран үйдөн акча уурдап чыгышкан деген шек менен кармалды. Бул туурасында Октябрь райондук РИИБдин маалымат кызматынан кабарлады.

Августта милициянын кызматкерлерине Бишкек шаарында уурулук кылып жүргөн эки адам туурасында кабар түшкөн.

Кыргызстанда кылмыштардын канча пайызынын бети ачылат. Статистика
Тагыраагы, Көк-Жар конушундагы үйлөрдүн биринен 3-августка караган түнү 50,6 миң доллардын уурдалганы боюнча кеп болгон.

Аталган иш боюнча Жазык кодексинин 200-беренесинин негизинде ("Уурулук") сотко чейинки иш ачылган.

Шектүү катары 18, 22 (экөө) жана 23 жаштагы жарандар кармалган. Төртөө тең Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу абак жайына киргизилген. Учурда алардын бул сындуу башка кылмыштарды жасаган, жасабаганы текшерилип жатат.