COVID: эки миңге чукул адам дарыланууда, 5 киши көз жумду. 4-сентябрдын маалыматы

COVID илдетинен айыгып чыккандардын саны мурдагы күнкү статистикага салыштырмалуу соңку суткада көп болду.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада COVID 154 адамга жугуп, оору беш адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлады.

Коронавирус төмөнкү аймактардан чыккан:

  • Бишкек – 63;
  • Ош шаары - 1;
  • Чүй облусу – 22;
  • Талас облусу - 7;
  • Нарын облусу - 5;
  • Ысык-Көл облусу – 42;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Баткен облусу - 7.

Баткенде COVID-19га каршы эмдөөгө чакырган 10 күндүк акция башталды. Сүрөт
Кечээки сандарды кошкондо Кыргызстанда COVID менен ооругандардын жалпы саны 176 347 адамга жетти.

Ал эми бир суткада 135 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бирок ооруп жаткандардын ичинен 5 бейтап каза болуп калды. Аталган вирустан көз жумгандардын саны республика боюнча 2 546 адамга жетти.

Бүгүнкү күндө стационарда 918 жана амбулатордук түрдө 1035 адам дарыланып жатат.