Кыргызстанда турукташтыруу фонду түзүлөт. Максаты

Фонд өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен экономиканын көз карандылыгын төмөндөтүү максатында түзүлмөкчү.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, фонд өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо жана жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен экономиканын көз карандылыгын төмөндөтүү максатында түзүлмөкчү.

Жарлык боюнча министрлер кабинетине берилген тапшырмалар:

  • Кыргызстандын турукташтыруу фондун түзүү. Ал республикалык бюджеттин чыгымдарынын корголгон беренелерин каржылоодогу эки айлык керектөөнү жабуу резервин камтыйт;
  • бул жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү.