ЖАК улуттук болуп өзгөртүлүп президентке карай турган болду

Документ Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системасын өнүктүрүүгө багытталган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жогорку аттестациялык комиссия президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы болуп өзгөртүлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Документте илимдин стратегиялык мааниси өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий көйгөйлөрүн чечүүгө багытталышы керектиги белгиленген.

Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системасын мындан ары өнүктүрүү максатында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясын президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы деп өзгөртүп түзүү токтом кылынды.