Ош шаарынан Стамбулга түз учкан жаңы авиакаттам ачылды

Оштон учакка отурган жүргүнчү 5 саат 30 мүнөттө Стамбулга конот. Каттам 1-октябрдан тартып ишке кирмекчи.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Ош шаарынан Түркиянын Стамбул калаасына түз авиакаттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Эми түштүк борбордон Стамбулга түз учууга болот.

"Стамбул — Ош — Стамбул" багыты боюнча жаңы туруктуу каттам 2021-жылдын 1-октябрынан тартып ишке кирмекчи. Жүргүнчүлөрдү Pegasus авиакомпаниясы ташыйт. Каттам жумасына үч ирет: дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Оштон учкан жүргүнчү 5 саат 30 мүнөттө Стамбулга жетет.