Жалындап чачырап кетти. Америкалык ракетанын абадан жарылган видеосу

Америкалык Firefly Aerospace компаниясынын Alpha деп аталган космоско жүк жеткирүүчү ракетасы абага көтөрүлгөндөн бир нече ирмемдерден кийин абадан жарылды.
Sputnik

Бул тууралуу видеону NASASpaceflight өзүнүн YouTube каналына жарыялады.

Компаниянын маалыматында Alpha Калифорниядан учкандан бир нече мүнөт өтүп-өтпөй жарылып кеткен.

Firefly Aerospace абага көтөрүлгөн учурдун биринчи фазасында чукул кырдаал жаралып, ракета анын себебинен зыянга учурагандыгын айткан. Маалыматта бул кырсыктан эч ким жабыркабагандыгы кабарланды.