Жалал-Абадда милиция чет элдик студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Милиция студенттерге диний-экстремисттик маанидеги чакырыктарды, тыюу салынган диний агымдардын иш-аракеттерин бөлүшүп алуудан сак болууга чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Жалал-Абадда ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы чет элдик студенттер менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, милиция чет элдик студенттерге Афганистанда болуп жаткан окуялар, ага байланыштуу социалдык тармактарда тараган туура эмес маалыматтарды жайылтпоону эскертти. Ошондой эле диний-экстремисттик маанидеги чакырыктарды, тыюу салынган диний агымдардын иш-аракеттерин бөлүшүп алуудан сак болуу керектигин белгилеген.

"Укук коргоо органдары чет элдик студенттерди Кыргызстандын мыйзамдарын үйрөнүүгө жана мыйзамдуулукту сактоого чакырды. Облус аймагында кайсы өлкөнүн жараны болбосун, тутунган динине, расасына, улутуна карабастан ынтымакта болуу керектигин белгилешти", — деп айтылат маалыматта.

Чет мамлекеттерден келген студенттердин окутуучусу, профессор Парача Мухаммед Башир Жавед өз кезегинде окуп жаткандар мыйзам бузууга барбай тургандыгын, тартипти бекем сакташарын билдирген.