Чимирилип тээп, жыга чаап. UFC жай айындагы нокауттардын видеосун чыгарды

UFC Russia уюму өзүнүн YouTube каналына жай айында өткөн Ultimate Fighting Championship мелдештериндеги мыкты нокауттардын жыйнагын чыгарды.
Sputnik

Роликте мушкерлердин атаандашын чимирилип башка тепкен, таамай, кубаттуу сокку менен сулаткан, тизелеп бетке тээп салган учурлар камтылган. Алардын катарында чилилик мушкер Игнасио Бахамондес америкалык Рузвельт Робертсти жыга тепкен учуру да бар.

Бахамондес үч раунддук таймаштын жүрүшүндө бети айрылып, атаандашына жеңилип бараткан. Бирок беттештин бүтөрүнө сегиз секунда калганда ал америкалыкты башка чимирилип тээп нокаутка кетирген.