Түптө курулушу 7 жыл мурун башталган мектеп акыры ачылды. Сүрөт

Түптө мектептин ачылышы
Мектепке жалпы жонунан 49 миллион 400 миң 900 сом сарпталган. Анын 21 миллион 400 миң 900 сому быйыл бөлүнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов атындагы мектептин курулушу аяктап, окуучуларды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, бул мектептин курулушу 2014-жылы башталган.

"Эки кабаттуу окуу корпусунда спортзал жана көчмө галерея бар. 1413,9 чарчы метрлик мектеп 150 окуучуга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө объект толугу менен бүтүп, окуучуларды кабыл алууга даяр", — деп айтылат маалыматта.

Мектепке 49 миллион 400 миң 900 сом сарпталган. Анын 21 миллион 400 миң 900 сому быйыл бөлүнгөн.