БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоодо ар бир шайлоочу пропорционалдык добуш берүү системасынын алкагында партияга гана эмес, өзү жактырган талапкерге дагы добушун бере алат. Бул тууралуу "КР президентинин жана Жогорку Кеңештин депутаттары жөнүндөгү" жаңы Конституциялык мыйзамда жазылган.
Эске салсак, ЖКнын VII чакырылышы аралаш шайлоо системасы менен өтөт, башкача айтканда, парламент пропорционалдык система аркылуу ачык тизме менен (54 мандат), ошондой эле бир мандаттуу округ (36) боюнча түзүлөт. Жалпы жонунан мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат шайланат. Шайлоо күнү жарандарга экиден бюллетень берилет. Себеби шайлоодо эки система айкалышкан.
Партияга гана эмес, талапкерге дагы кантип добуш берсе болот?
Биринчи бюллетень (пропорционалдык система менен добуш берүү үчүн) эки бөлүктөн турат. Биринчисинде мурдагыдай эле чүчү кулактын негизинде катар саны аныкталган партиялардын тизмеси жазылган. Ар бир партиянын жанында ичи бош квадрат тартылган. Ага белги коюу менен шайлоочу добушун берет. "Баарына каршы" деген дагы графа бар.
Ар бир партиянын тизмесинде 54 талапкер болгондуктан, бюллетендеги бош квадраттын дагы саны 54 болот.
Партияга гана добуш берип талапкерлерди тандабасам эмне болот?
Анда сиздин добушуңуз тандаган партиянын эсебине кетет.
Талапкерге гана добуш берип, партиялар жазылган талааны бош калтырып койсом эмне болот?
Анда сиздин бюллетень жараксыз деп табылат.
Мага бир эмес, бир нече талапкер жаккандыктан алардын баарына тең добуш берип салсам эмне болот?
Бул учурда дагы бюллетень жараксыз болуп калат.
Округ боюнча бир мандаттуу шайлоонун дагы бюллетени ушундай эле болобу?
Округ боюнча бир мандаттуу шайлоо жөнөкөй схема менен өтмөкчү. Шайлоочу анын округу боюнча ат салышып жаткан талапкерлердин ичинен өзү жактырган адамдын аты-жөнү жазылган жерге белги коюп коёт.