Радио

Кулмендеев: Кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт

Продюсер, кинорежиссер Таалайбек Кулмендеев 14-17-сентябрь күндөрү Бишкекте "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аталышындагы X эл аралык кинофестивалы өтөрүн айтты.
Sputnik

Бул жылы кинофестиваль Кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналат. Бул тууралуу Таалайбек Кулмендеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кулмендеев: Кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт

Анын айтымында, тасмаларга КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын белгилүү кинорежиссерлорунан турган калыстар тобу баа берет.

"Кинофестиваль шаар тургундары жана борборубуздун коноктору үчүн жакшы салт болуп калды. Фестивалда КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын мыкты тасмалары көрсөтүлөт. Буга чейин тогуз ирет залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата декабрь айында өтүп келген. Бул жолу иш-чара Кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата сентябрь айына пландалды. Иш-чара эл аралык жана улуттук деген эки сынактык программаны камтыйт. Анда оюн, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык жанрдагы тасмалар көрсөтүлөт. Быйыл кинофестивалга чет өлкөлүк жана жергиликтүү кинорежиссерлордон 500дөн ашык арыз түшкөн. 17-сентябрда "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер", "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы" жана "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү" номинациялары боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталат", — деди Кулмендеев.

Ал кинофестивалдын салтанаттуу ачылышы 14-сентябрда саат 12:00дө "Манас" кинотеатрында болорун кошумчалады.