Таласта диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча жыйын өттү. Сүрөт

Иш-чарада дин жаатындагы актуалдуу маселелер каралып, радикализм жана экстремизмди алдын алуу боюнча темалары талкууланган
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Талас шаарында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча жыйын болду. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.

Катчы Иманкулов: диний экстремисттер абакка барыш үчүн кылмыш жасашат
Билдирмеге караганда, "Эгемендүү Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты жана ислам дини" аттуу диний иш-чара эртең, 3-сентябрда да өтөт. Аны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия муфтият менен биргеликте уюштуруп, ага мамлекеттик орган, жергиликтүү бийлик, диний уюм жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Тойгонбай Абдыкаров диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу кенен маалымат берип, бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Ошондой эле дин жаатындагы актуалдуу маселелер каралып, радикализм жана экстремизмди алдын алуу боюнча темалары талкууланган.