COVID-19: Бишкектеги коомдук транспорттордо санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Рейд Бишкек шаарынын эл көп келген алты аялдамасында жүргүзүлдү. Мындай иш-чара аптасына эки жолу болуп турмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкектеги коомдук транспорттордогу санитардык эрежелердин сакталышы тыкыр көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жаңы окуу жылы башталганына байланыштуу Бишкек троллейбус башкармалыгынын мобилдик тобу санитардык көзөмөлдү күчөттү. Рейд Бишкек шаарынын эл көп келген алты аялдамасында жүргүзүлдү.

Коронавирус: 1000ге чукул адам ооруканада, 4 бейтап көз жумду
Кызматкерлер жүргүнчүлөргө коомдук транспортто бет кап кийүү жана социалдык аралыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Мындан сырткары, алар троллейбустардын салонунун тазалыгын, айдоочуларды, колду тазалоочу санитайзерлердин абалын көзөмөлгө алышат.

Шаардагы 127 троллейбус текшерүүдөн өттү.

Рейд аптасына эки жолу аткарылат.