Чүйдө психикалык жактан жабыркаган эки эркек киши изделип жатат. Сүрөт

Дайынсыз болуп жаткандардын бири 29-июнда, экинчиси 21-августта жоголгон. Бүгүнкүгө чейин алардын жүргөн жери аныктала элек.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Чүй облусунда эки эркек киши изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдирди.

24 жаштагы Иван Литвинов 29-июнда жоголгон. Ал Москва районундагы социалдык айыл аймагынан чыгып кетип кайра келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто бойлуу, көк көз, чачы кыска, сары, кашы калың, делдең кулак. Үстүнө ак футболка, көк түстөгү спорт шымын, бутуна көк тапичке кийип жүргөн. Сакал коюп жүрүшү мүмкүн, психикалык жактан жабыркайт.

33 жаштагы Негматулла Фохаков 21-август күнү Беловодское айылындагы үйүнөн чыгып кеткен, ошол бойдон дагы деле дайынсыз.

Белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык чырай, чачы кыска, кара, сакал коюп жүрөт, кара тору. Үстүнө жашыл жеңдүү спорттук кара костюм, кара спорттук шым, кара кроссовка, башына боз түстөгү топу кийип жүргөн. Бетинин оң тарабында диаметри 2 сантиметрлик тырыгы бар. Психикалык жактан жабыркайт.

ОИИББ бул жарандарды көргөн билгендер болсо 0 (312) 43-01-27, 0 (312) 43-88-85, 0 (312) 60-77-27, 0 (3131) 5-21-31, 0 (707) 54-21-71, 0 (550) 22-17-17, 0 (701) 15-85-05, 0 (755) 15-85-05 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.