Радио

Бекжигит уулу: боксчулардын стипендия маселеси чечилиши керек

Бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Өмүрбек Бекжигит уулу кыргыз боксчуларын колдоо максатында стипендия үзгүлтүксүз берилип турушу зарылдыгын айтты.
Sputnik

Спортто ийгилик багындыруу, тажрыйба топтоо максатында дайыма эл аралык окуу-машыгууларды өткөрүп туруу керек. Мындай пикирин Өмүрбек Бекжигит уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бекжигит уулу: боксчулардын стипендия маселеси чечилиши керек

Анын айтымында, финансылык колдоо болбой жаткандыгына байланыштуу кыргыз боксунда көрсөткүчтөр жакшы эмес.

"Спортчуга окуу-машыгуу учурунда жакшы шарттар түзүлсө ийгиликке карай кадам болот эле. Мунун баары айланып келип акча маселесине такалат. Бизде спортчулар стипендия алышпайт. "Ал үчүн жыйынтык көрсөт" деп айтышат. Бирок ошол көрсөткүчкө жетүү үчүн кичине колдоого муктажбыз. Мисалы, мен акча табуу максатында жумуш менен спортту айкалыштырууга аракет кылып келем. Кара жумушта иштеп, кийим алып, спорттук витаминдерди алууга туура келет. Учурда өлкөдөгү боксчулардын көйгөйү бирдей. Курама командага кирип, биринчи номерде беттештерге катышсаң да стипендия бөлүнбөйт. Үй-бүлөсүн таштап, машыгууларга гана келип, убакыт бөлгөн кураманын мүчөлөрү бар. Мындай шарт менен жакшы жыйынтык көрсөтүү чындыгында кыйын", — деди Бекжигит уулу.

Ошондой эле спортчу Кыргызстанда бокстун өнүгүшү үчүн федерация көңүл буруп, шарт түзүп берсе эл аралык мелдештерде мушкерлерибиз катуу атаандаштык көрсөтөрүн кошумчалады.