Бишкектин тургундары акысыз медициналык кароодон өтө алат. Убакыт-сааты

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда хирург, офтальмолог, невролог, эндокринолог, кардиолог сыяктуу адистер жарандарды кароодон өткөрүүдө. Дарыгерлер дүйшөмбүдөн ишембиге чейин (саат 13:00дөн 18:00гө чейин) каалоочуларды кабыл алат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургундары 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин ультра добуштук изилдөө, электрокардиография аппараттарына жана көздүн көрүүсүн акысыз текшерте алат. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.

"Коронавирустун мындан аркы жайылышын алдын алуу максатында өлкө боюнча ири акция жүрүп жатат. Анын алкагында Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда хирург, офтальмолог, невролог, эндокринолог, кардиолог сыяктуу адистер жарандарды кароодон өткөрүүдө. Бишкек тургундары 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин ультра добуштук изилдөө, электрокардиография аппараттарына жана көздүн көрүүсүн акысыз текшерте алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Дарыгерлер дүйшөмбүдөн ишембиге чейин (саат 13:00дөн 18:00гө чейин) каалоочуларды кабыл алат.