Бүгүн бишкектиктерге россиялык артисттер концерт коет. Убактысы

Ансамблдин артисттери аскердик, орус улуттук ырларын жана бийлерин аткарышат. Иш-чара Жаш Гвардия проспектисинде өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук аскердик округунун ыр-бий ансамблинин концерти ачык асман алдында өтөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Иш-чара Жаш Гвардия проспектисинде саат 18:00дө башталат. Концертте аскердик, орус улуттук ырлары жана бийлери аткарылмакчы.

Мэрия жарандарды аталган иш-чарага келип кетүүгө чакырат.