Баткенде COVID-19га каршы эмдөөгө чакырган 10 күндүк акция башталды. Сүрөт

Акцияда вакцина алуу зыян эместиги, ар бир жаран өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгы үчүн эмдөөдөн өтсө бул илдетти жеңүүгө болору белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бүгүн, 2-сентябрда, Баткен шаарында коронавирус илдетине каршы эмдөөгө үндөгөн 10 күндүк акция башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Акцияга катышкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү вакцина алуу зыян эместигин, ар бир жаран өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгы үчүн эмдөөдөн өтсө бул илдетти жеңүүгө болорун белгилешти.

"Акциянын катышуучулары "Илдетсиз жашоо", "STOP коронавирус", "COVID-19га жер жүзүндө орун жок" аталыштагы лозунг, чакырыктар менен жөө жүрүш жасашты. Аталган акция 10 күн бою облустун бардык район, шаарларында өткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук медицина кызматкерлери, облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.