ЖМК: АКШда кылмышкерлер адам өлтүрбөшү үчүн аларга айлык төлөө сунушталууда

ЖМКнын маалыматына караганда, демилгени Сан-Франциско шаарынын мэри Лондон Брид көтөрүп чыккан. Ал бул максатты ишке ашыруу үчүн кайдан акча алса болорун дагы айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Сан-Францискодо жергиликтүү кылмышкерлерге акча төлөө сунушталып жатканын РЕН-ТВ кабарлады.

Бийликтин ою боюнча, кылмышкерлерге каражат бөлүнсө алар элди тоноп, атып, өлтүрбөй калат.

Аял менен кучакташымыш болуп абактан качып кеткен киши. Казакстандагы видео
Мындай демилгени шаар мэри Лондон Брид көтөргөн. Ал каражатты жергиликтүү афроамерикалык коомчулукту социалдык жактан колдоо программасынан алууну көздөп жатат.

Ынды кара адамдарды колдоо үчүн шаарда жалпы жонунан 60 миллион доллар бөлүнгөн.

Кылмышкерлерге ай сайын 300 доллар стипендия берүү пландалууда. Эгер жергиликтүү криминалдар бир айда эч кимди өлтүрбөй, тонобой турган болсо эң сонун жетишкендиги үчүн деп дагы кошумча 200 доллар берилет.

ЖМКнын маалыматына караганда, бул демилге жергиликтүү мыйзам чыгаруу палатасынан өтпөй калышы мүмкүн.