ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась Жапаров менен жолукту

Тараптар Душанбе шаарында боло турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана тышкы иштер министрлеринин, коргоо министрликтеринин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен жыйынына даярдыктарды талкуулашты.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бишкекке Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Станислав Зась келип, президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду. Бул тууралуу ЖККУнун маалымат кызматынан билдирди.

Тараптар 15-16-сентябрда Душанбе шаарында боло турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана тышкы иштер министрлеринин, коргоо министрликтеринин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен жыйынына даярдыктарды талкуулашты.

Жапаров Кыргызстан ЖККУ алкагында ага мүчө мамлекеттер менен кызматташтыкка чөлкөмдөгү коопсуздуктун гаранты катары өзгөчө маани берерин белгиледи.

Анын айтымында, тобокелдиктерди нейтралдаштырууга жана зарыл болгон учурда ыкчам реакция кылуу даярдыгынын жогорку деңгээлин кармап туруу зарыл.

Ушул эле иш-чаралардын алкагында Зась тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жана Коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Марат Иманкулов менен жолугары белгилүү болду.