Украина душмандарынын түбүнө жетүүнүн жолун тапты

Украина өкмөтү Минск макулдашууларынын аткарылышына бөгөт болчу мыйзам долбоорун колдоду.
Sputnik

Крым менен Донбассты өз көзөмөлүнө ала турган "Украинанын "укмуштай" келечеги... Ушундай тилекти көздөгөн өткөөл мезгил жөнүндөгү мыйзам долбоорун бир нече апта мурун Украинанын министрлер кабинети жактырган эле. Эми өкмөт парламентке "Украинанын уюмдарды террордук деп таануу боюнча айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун жолдоп отурат.

Бул мыйзам кабыл алынса, Минск келишимдеринин алкагындагы Украинанын милдеттенмелери гана тургай, өлкөдө адамдын негизги эркиндиги жана укуктары да бузуларын белгилейт баяндамачы Валерий Михайлов. Анын ушул теманын тегерегиндеги макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Батыш бул жолу да өзүнүн "киевдик кардарларынын" кыжыр кайнаткан аракеттерин көз жаздымда калтырышы ыктымал. Мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө да аны кабыл алуунун зарылдыгы ыксыз жана жөнсүз баяндалат. Анткени авторлору "террордук уюм" деп жарлык тагууну оңойлотуу жана бул үчүн критерийлерди кеңейтүүнү көздөгөн документтин чыныгы максатын ачык атоого даай алышкан эмес.

Баягы эле ката. Украинада бийлик эмне үчүн туруктуулукту камсыз кыла алган жок?
Эске салсак, ар кыл деңгээлдеги украиналык бийлик өкүлдөрү жети жыл бою Луганск жана Донбасс эл республикаларын террордук уюм деп атоого далбас уруп келет. Донбасстагы согуштун өзү да дал ушундай антитеррордук операция деген шылтоо менен башталган.

Украина бийлиги ушул демилгелери менен эл аралык деңгээлге чыккан. Анткен менен акылга сыйбаган бул нерсенин эл аралык коомчулукка таанытуу тургай, украиналык сот аркылуу да аныктаманы киргизе алышпады. Бирок азыр сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынган шартта жагдай кескин түрдө өзгөрүшү мүмкүн.

Эң оболу кеңири талдана турган террордук уюм жөнүндө төмөнкүдөй аныктама пайда болот: "Бул – террордук ишмердүүлүк жүргүзүү максатында түзүлгөн, анын алкагында террордук актыларды даярдоо жана ишке ашыруу маалында жүрүм-турумдун милдеттүү эрежелери бекитилген, ортодо функциялар бөлүштүрүлгөн бир нече (беш жана андан ашык) адамдын туруктуу иерархиялык бирикмеси".

Долбоордогу кийинки сүйлөмдү да чечмелебей коюуга болбос. Ушул таптагы мыйзамга ылайык, уюмдун бир канаты эле террорчулук менен алектенсе жана мындан жетекчилиги кабардар болсо, анда жалпы уюм террорчул деп табылат. Ал эми жаңы долбоордо уюмдун бир мүчөсү да эмес, уюмга бир байланышы бар эле кайсы бир адам ушундай ишке барса, уюм толук террордук деген атка конот.

Мыйзам долбоордун андан аркы саптарында кайсы бир уюмду террордук деп табуу үчүн өлкөнүн Кылмыш кодексинин алты беренесинин бирине таянылары айтылат. Бул менен байланышы бар бир адамды айыптоо менен эле бүтүндөй уюмду жаман атка калтырууга жол табылат:

  • террордук акт;
  • теракт жасоого тартуу;
  • терроризмге ачык чакырыктар;
  • террордук уюмду түптөө;
  • терактыга көмөктөшүү;
  • террорчулукту каржылоо.

Адамга бул беренелердин бири боюнча өкүм чыгаруу менен анын кандайдыр бир байланышы бар уюм да террордук деп табылат. Украинанын Коопсуздук кызматына беш күн аралыгында жөнөтүлүп, ал үч күн ичинде уюмду террордук уюмдар реестрине киргизет. Андан ары Украинанын расмий сайтына жайгаштырылат. Ошентип уюмдун аталышы, жетекчилери жана түптөөчүлөрү тууралуу маалыматтар, соттун чечимине жана кылмыш-укуктук мүнөздө колдонуу түрлөрүнө шилтеме элдин назарына коюлат. Ал эми бул белгилүү бир кишинин кесилиши гана эмес, уюмдун ишмердигине тыюу салуу жана активдерин конфискациялоо менен аяктайт.

Постсоветтик мейкиндикке сабак болчу украиналык тажрыйба
Иш жүзүндө, маселен, Луганск жана Донбасс эл республикаларына карата Донбасс менен чектешкен чийиндеги кандай ок атуу болбосун Украина Коопсуздук кызматы аны террордук акты деп каттайт.

Ал эми андан ары сотто жарыяланбаган бул республикалар автоматтык түрдө террордук деп табылат. Ал эми бул көрүнүш Минск келишимдерин аткарууга биротоло бөгөт коёт. Киевдик режимдин "өжөрлүгүн" эске алсак, мындай аракетти Россияга же анын кайсы бир орган, уюмуна карата да колдонбой турганына кепилдик жок. Бирок иш бул менен гана чектелбеши мүмкүн.

Мыйзам саясий атаандаштарга, партия, оппозициялык маалымат каражаттары, ошондой эле активдери бар адамдарга карата да пайдаланылышы да ыктымал. Мындай куугунтуктоого Украинанын коопсуздук кызматында чагымчылар аз эмес. Буга батыштык лидерлер да ишенип алган Аркадий Бабченконун калп өлүмү, ошондой эле Олеся Бузинанын, Павел Шереметтин өлтүрүлүшү же Одессадагы адамдардын өрттөлүшүн мисал келтирүүгө болот. Башкача айтканда, мында кеп иш жүзүндө Минск келишиминен чыгуу гана эмес, Украинада улутчулдук мүнөздөгү тоталитаризмдин чыңдалышы жөнүндө болууда. Албетте, жазылган нерселердин баары жүзөгө ашырылышы үчүн аталган мыйзам долбоорлор Жогорку Радада колдоо табууга тийиш.

Айтмакчы, Минск келишимдеринен иш жүзүндө чыгышы үчүн: "террордук" же "өткөөл убак" жөнүндөгү өкмөттүк эки мыйзам долбоорунун бирин тандоо гана жетиштүү. Бирок Батыштагы калкалоочулар Зеленский менен анын командасын айнытып койбосо эле эки долбоордун кабыл алынышы көпкө создукпайт окшоп калды.