Америкалыктар кеткенден кийин аэропортко кирип жаткан талибдер. Кабулдагы видео

Интернет айдыңында Афганистандын Кабул шаарындагы аэропорттон тартылган видео тарады. Видеону RT таратып, маалымат берди.
Sputnik

Анда "Талибан"* кыймылынын өкүлдөрү АКШлык аскерлери толук чыгып кеткенден кийин аэропортко кирип келе жатканын көрүүгө болот. Кадрлардан АКШлыктар таштап кеткен аскер техникасы турат. Кечээ бул жерден Американын акыркы учагы учуп кеткен.

Эске салсак, саясий абал кескин өзгөрүп кеткен Афганистандан АКШлык аскерлердин акыркылары 2021-жылдын 30-августунда чыгып кетти. Пентагондун өкүлү, генерал Кеннет Маккензи контингенттин кетиши менен Американын Афганистандагы миссиясы аяктагандыгын билдирген.

Афганистандан америкалык аскерлер толугу менен чыгып кетти. 20 жылдык миссия
"Талибан"* АКШ менен анын союздаштарынан өз контингентин 31-августка чейин Афганистандан эвакуациялап кетүүнү бир нече ирет талап кылган. Учурда талибдер Панжшер провинциясын кошпогондо аталган республиканын бардык аймактарына көзөмөлүн орнотту.

Панжшерде мындан 20 жыл илгери террорчулар өлтүргөн антиталибдик "Түндүк альянстын" лидери Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд учурда лидерлик кылып турат. Ал "Талибандын"* бийлигин таануудан баш тартып, аймак талибдерге жападан жалгыз каршылык көрсөтүп турат.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.