Онколог өпкө рагынын күчөп бара жаткан белгилерин айтып берди

Дарыгердин айтымына караганда, онкология өтүшүп кетсе жөтөл күчөп, адамды калтыратып-титиреткен абалга жеткирет.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жөтөл узакка созулуп, адамдын жанын кыйнап жиберген түрүнө өтсө өпкөнүн ракка чалдыкканынын белгиси болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" басылмасы врач-онколог Александра Логиновага шилтеме кылып жазды.

Анын айтымына караганда, онкология өтүшүп кетсе, жөтөл приступ сындуу болуп кыйналып, дененин тээ түпкүрүнөн чыгып жаткандай сезим калтырат.

Дарыгер бул абал өпкөнүн бир нерсеге абдан катуу реакция берип калганынан кабар берерин айтты.

"Эгерде рак пайда болсо, жөтөл андан ары күчөп, кишини калтыратып-титиреткен абалга жеткирет", — деген Логинова.

Августтун башында россиялык хирург Рустем Топузов ашказан рагынын баштапкы белгилерин айтып берип, илдетти алдын алып, анын бар-жогун эртерээк билүү үчүн 45 жаштан кийин онкоскринингден өтүп коюуну сунуштаган.