"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" жаңы жетекчилүү болду

Аталган ишкана электр станциялары иштеп чыгарган электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар менен ири керектөөчү өнөр жайларга жеткирет.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жолдошбек Ачикеев "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

"Түндүк электр" ишканасына жаңы жетекчи келди
Бүгүн, 1-сентябрда, Улуттук энергохолдингдин башкаруучулугунун төрагасы Рашанбек Касымов аталган ААКнын жамаатына жаңы жетекчи Ачикеевди тааныштырган. Ал буга чейин "КыргызЭнерго", "ЧыгышЭлектро", "Кыргызстандын улуттук электр тармагынын" Ысык-Көлдөгү филиалы сыяктуу бир нече жерде иштеген.

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" — бул электр станциялары иштеп чыгарган электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар менен ири керектөөчү өнөр жайларга жеткирген компания.