Россиялык аскерлер канттык окуучуларга 4,5 миң китеп белек кылышты. Сүрөттөр

Так илимдер жана гуманитардык сабактар боюнча 4 500 окуу китеп 6-11-класстардын окуучуларына арналган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. "Кант" аскердик базасынын кызматкерлери окуу жылынын башталышын утурлай ушул эле шаардагы № 1 мектеп-гимназиясынын окуучуларына так илимдер жана гуманитардык сабактар боюнча 4 500 окуу китебин белек кылышыты. Бул тууралуу базанын маалымат кызматы кабарлады.

Китептер 6-11-класстардын окуучуларына арналган. Мектеп директору Замира Сыйналова мындай белек үчүн база кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

"Бир нече жылдан бери ата-энелер өз чөнтөгүнөн каражат чыгарып, балдарга окуу китептерин сатып берип жатат. Анткени мектептеги китептер окуучулардын баарына жетпейт. Ошондуктан биз ата-энелердин өзүнөн суроого аргасызбыз. Бул жардам үчүн ата-энелердин жана мектеп жамаатынын атынан ыраазычылык билдиребиз", — деди ал.

Канттагы биргелешкен аскердик база — Тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрдүн бир бөлүгү. Ал ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугун абадан коргоп, камсыздап турат. Базада штурм жасоочу Су-25 учактары менен Ми-8 тик учактары бар.