Физиев: Кыргызстанда мектеп ачып, ушул жерде карыгым келет

Рафаэль Физиевдин кийинки беттеши 4-декабрга пландалган. Кыргызстандык спортчу октагонго UFC уюмунун жеңил дивизионундагы 12 мыкты мушкердин бири менен чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. UFC мушкери Рафаэль Физиев Кыргызстанда өзүнүн мектебин ачууну пландап жүргөнүн Бишкекте күйөрмандары менен болгон жолугушуу учурунда айтып берди.

"Кыргызстан — менин мекеним. Мен өсүп чоңойгон, эч жакка кетким келбеген өлкө. Ушул жерде калам, ушул жерде жашайм, ушул жерде карыгым келет. Балким, жаштарды машыктыруу үчүн мектеп ачып калармын. Пландарым ушундай. Бул жактан кетүү эч качан оюма келген эмес", — деди Физиев. 

Спортчу тек-жайын сүрүштүргөн айрым фанаттары капа кыла турганын белгиледи. Физиевдин айтымында, UFC беттештеринде башка өлкөнүн атынан чыгууну ойлонгон да эмес.

Мушкер кийинки беттеши 4-декабрга белгиленгенин айтты. Кыргызстандык спортчуга UFC уюмунун жеңил дивизионундагы 12 мыкты мушкердин бири атаандаш болот.