Майрамдан кийин "Ала-Тоодон" канча таштанды чыкты. Сүрөт

Тазалоо иштерин шаардагы атайын кызматтын 60 жумушчусу менен техника аткарган. Алар таштандыны аянттан түнкү экиге чейин чыгарышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Эгемендүүлүк майрамынан кийин борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтын тазалагандар түндө төрт тонна таштанды чыгарышты. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аянтка баш-аягы дөңгөлөктүү 50 желим, 10 темир контейнер коюлган.

Көз жоосун алган кооздук! 30 жылдык майрамда атылган салюттун видеосу
Майрам аяктагандан кийин муниципалдык "Тазалык" ишканасынын сегиз атайын техникасы иштеген. Алардын бешөө таштандыны алса, үчөө аянтты жууп чыккан. Жалпысынан 40 жумушчу тазалап шыпырса, 20сы жолдо иштеген.

Алар "Ала-Тоону" 02:00гө чейин жууп-тазалаганы белгилүү болду.

Мэриядан таштанды мурдагы учурларга караганда кадыресе аз чыкканын айтышты. 2020-жылы коронавирустан улам эпидемиологиялык абал кыйындап, эл аянтка чыккан эмес. Ал эми мурдагы жылы 16 тонна, 2018-жылы 10 тонна таштанды жыйналган.