АКШнын соккусунан көз жумган афганистандык аскер америкалыктар менен иштеп жүргөн

Агенттиктин маектеши 29 жаштагы Неджраби 10 жылга чукул армияда кызмат өтөп, андан сырткары АКШнын атайын даярдыктагы күчтөрүндө да иштегендигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. АКШнын абадан жасаган соккусунан курман болгон афганистандык аскер Насер Неджраби америкалыктар менен иштешип, алар менен кошо чыгып кетүүгө ниеттенип жүргөн. Бул тууралуу анын иниси айтып бергендигин РИА Новости жазды.

Агенттиктин маектеши 29 жаштагы Неджраби 10 жылга чукул армияда кызмат өтөп, андан сырткары АКШнын атайын даярдыктагы күчтөрүндө да иштегендигин айтты. Талибдер Афганистанга чабуул коё баштаган мезгилде ал Кандагарда кызмат өтөп жүргөн. Неджраби борбор калаага согушкерлер киргенге үч күн калганда көчүп келген. Инисинин айтымына караганда, Насер Кабулду башкалардын басып алышынан кооптонгон. Ал аталган шаарга АКШга чыгып кетүү үчүн келип, документтерин толтуруп, даярдана баштаган.

Сокку урулганда ал агасынын үйүнүн короосунда болгону аныкталды. Көчөдө анын жакын туугандары – агасынын 2 жаштан 18 жашка чейинки балдары болгон. Агенттиктин маектеши балдардын баары каза тапканын билдирген.

Неджрабинин иниси аны менен ошол түндө сүйлөшүп отурганын, пландап жүргөн үйлөнүү тою тууралуу кеп кылышканын айтып берген.

"АКШ саясаттан да, согуштан да жеңилип калып, Афганистандан чыгып кетти. Эми алар күнөөсүз кишилерди өлтүрөт", — деген ал.

Күбө: америкалыктар Кабулдагы терактыдан кийин элди көздөй ок атышкан
Афганистандан америкалык аскерлер чыгып кетип жатканда талибдер республиканын ири шаарларын басып алышты. Алар жыйырма жылга созулган согушту аяктады деп жар салды. Азыр өлкөнү башкаруу формасынын механизмдери талкууланып жаткан чак. Талибанга* баш ийбей каршылык көрсөтүп турган Афганистандын түндүк-чыгыш тарабындагы Панжшер провинциясы болууда. Буга чейин чет элдиктерди, союздаштарды эвакуация кылып жаткан Кабулдагы аэропорт талибдердин көзөмөлүнө өттү.

Жекшемби күнү пилотсуз башкарылган учак Кабулдагы автоунааны бомбалаган. Америкалык аскерлер автоунаа көп көлөмдөгү жарылгычты ташып бара жаткандыгын, аба майданга коопсуздук жаратарын айткан. CNN телеканалы бомбалоонун кесепетинен тогуз жай киши каза тапкандыгын, алардын алтоо кичинекей балдар экендигин билдирген. Ал эми Al-Jazeera 12 адамдын өмүрү кыйылгандыгын кабарлаган.

*  — Кыргызстан жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган кыймыл