АКШда 20 штат Жо Байдендин трансгендердик саясатына каршы сотко кайрылды

Мыйзамга каршы чыккандар эркек болуп туулган адамдар аялдар арасындагы спорттук мелдештерге катышып, эмгекчил кыз-келиндердин эмгегин текке кетирбеши керек деп эсептешет.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. АКШнын 20 штаты президент Жо Байдендин трансгендерлерге байланыштуу мыйзамына каршы чыгып, сотко кайрылышты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

Эске салсак, Америкада эркек болуп туулуп, бирок өзүн аял катары кабыл алган трансгендер спортчуларга кыз-келиндер арасындагы спорттук мелдештерге катышууга уруксат берген мыйзам кабыл алынган. Ошондой эле аларга аялдардын чечинип-кийинүүчү жайларын, дааратканаларын колдонууга шарт түзүлгөн.

Трансгендер катышкан алгачкы Олимпиада. Токио-2020нын кызыктары
Анткен менен республикачылар жетектеп турган 20дай штатта бул мыйзамга каршы келген нормалар бар. Мисалы, Флорида штатында ушул жылдын 1-июнь күнү трансгендер окуучуларга мектептеги спорттук мелдештерге катышууга тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

Доо арызды Теннесси, Алабама, Аляска, Аризона, Арканзас, Жорджия, Айдахо, Индиана, Канзас, Кентукки, Луизиана, Миссисипи, Миссури, Монтана, Небраска, Огайо, Оклахома, Түштүк Каролина, Түштүк Дакота жана Батыш Вирджиния штаттары жазды.

Бул жактагылар эркек болуп туулган адамдар аялдар арасындагы спорттук мелдештерге катышып, эмгекчил кыз-келиндердин эмгегин текке кетирбеши керек деп эсептешет.