Афган өкмөтүн жетектечү "Талибандын"* лидери Ахунзада тууралуу эмне белгилүү

Буга чейин "Талибандын" аскер комиссиясынын мүчөсү жаңы өкмөттүн курамы 3-сентябрда ачыкталарын айткан болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Афганистандын өкмөтүн "Талибан"* кыймылынын лидери Хайбатулла Ахунзада жетектейт. Бул тууралуу Tolo News телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Аталган уюмдун маданият боюнча комиссиясынын мүчөсү Анамулла Самангани Ахунзаданын келиши чечилген маселе экенин билдирген.

Афган өкмөтүн жетектечү "Талибандын"* лидери Ахунзада тууралуу эмне белгилүү

Буга чейин "Талибандын" аскер комиссиясынын мүчөсү жаңы өкмөттүн курамы 3-сентябрда ачыкталарын айткан болчу.

Ахунзада тууралуу

Хайбатулла Ахунзада молдо "Талибандын"* учурдагы лидери болуп саналат. Таасири күч, шариат сотунда башкы сот. Ачык маалыматтарга караганда, курагы 60 жаштын тегерегинде.

Америкалыктар кеткенден кийин аэропортко кирип жаткан талибдер. Кабулдагы видео
Ахунзада уюмду 2016-жылдын май айынан тарта башкарып калган. Ага чейинки лидер Ахтар Мухаммад Мансур АКШнын аскер күчтөрүнүн чабуулунан көз жумган. Ахунзада тууралуу маалымат аз, бирок аскер өнөрүнө караганда диний маселелер менен көбүрөөк алек болуп келгени айтылат.

Афганистандагы абал АКШ аскерлери чыга баштаган маалда курчуп отуруп, акыры талибдер өлкөнү толугу менен каратып алды. Азырынча согушкерлерге баш ийбеген жалгыз Панжшер провинциясы. Чет өлкөлүктөрдү жана союздаштарды чыгарып кеткенден кийин Кабулдагы аэропорт дагы "Талибандын"* карамагына өткөн.

30-август күнү өлкө аймагындагы АКШ контингенти толук чыгарылып бүттү.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.